KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ысык-Көл облусунун сот приставдары дене-тарбия даярдыгы боюнча сынак беришти

14 мая 2024

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустун Сот приставдар кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сот приставдары дене-тарбия даярдыгы боюнча сынак беришти


Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын сот приставдарынын дене-тарбия боюнча колдонмосун жана дене-тарбия даярдыгы боюнча сынак ченем жөнүндө” нускамасынын талабына ылайык өткөрүлдү.


Ага Сот департаментинин СПКнын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Жаназар Жумагулов жана Ысык-Көл облусунун СПКнын улук сот приставы Актилек Рыскулов катышышты.


Сынак берүүгө аныкталган сот приставдары нускаманын талабына ылайык бөлүнгөн жаш категориялары боюнча аныкталган мөөнөттөргө дене-тарбия даярдыгы боюнча сынактын 100 метр жана 3000 метр аралыкка чуркоо, турникке тартылуу, түртүп көтөрүү (отжимание) жана сынактын башка түрлөрүн ийгиликтүү тапшырышты.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” Мыйзамынын талабына ылайык сот приставдарына жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууда өзүнүн иштиктүү жана жеке сапаттары, ошондой эле ден соолугу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болуу талабы аныкталган жана аларды аныктоо үчүн атайын текшерүүдөн жана аскердик-врачтык комиссиядан өткөрүү белгиленген.